Мамлекеттик патент кызматы
«24.kg» сайтынын жаңылыктар жана архив
лентасынан «И все - таки они его достали!»
жана «Кто на «зоне kg» хозяин?» деген
аталыштагы макалаларды алып салуусу
жөнүндө доо арызы менен «24.kg» маалыматтык
аганттигине кайрылат.
Маалымат алуу - бул биздин мамалекеттин ар бир жаранынын негизги укуктарынын бири. Ал эми журналисттин милдети – мамлекетте болуп жаткан окуяларды окурманга, көрүүчүгө, угуучуга чындыкты так жеткирүү.
Биринчи май райондук соту “Де Факто” жана “Алиби” гезиттерин күнөөлөгөн доо арызды кароодо. Арыз менен сотко президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиев кайрылган болчу. Буга адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы жана ага Салиевдин тиешеси бар экендиги тууралуу жазылган гезиттик материал негиз берген. Доогер тарап моралдык чыгым үчүн гезиттерден жана авторлордон 500 миң cомдон 1 миллион сомго чейинки доо өндүрүүнү соттон сурап жатат. Жоопкер тарап бүгүнкү сот отурумунда автокырсыкта өлүмгө кабылган Акбар Молдокуловдун жакындарын сотко катыштурууну соттон суранды
Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясы менен Оштогу "ОшТВ", "МезонТВ" телекомпанияларынын ортосундагы талаш-тартыш дале уланууда. Биринчиси мыйзамдын аткарылышын талап кылса, экинчи тарап улуттук маселени козгоп, талапка моюн толгогондугу байкалат.
2-ноябрда Жалалабаттагы журналисттер коомчулугу менен адам укугун коргоочулар басма сөз эркиндигинин абалына жана журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу тегерек үстөл талкуусун өткөрүшт.
5-октябрда «Алтын ажыдаар» мейманканасында «Коомдук теле-радиону өнүктүрүү жагдайлары» аттуу тегерк үстөл өтүп, ага түздөн-түз тиешеси бар адамдар азыркы МТРКны реформалоонун мындан аркы кадамдарын талкуулашты. Чогулгандар каналдын маалымат-аналитикалык берүүлөрү ошол эле эски доордогудай калганын, бийликти гана мактап атышканын баса белгилешип, теле каналдын жаңы түзүлгөн байкоочу кеңеши буга өзгөчө көңүл буруусу керектигин, олуттуу реформаларды жасоо зарылдыгын айтышты. Каналдын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси мындай дооматтарды туура деп эсептейт.
10-октябрда эл аралык эксперттердин катышуусунда Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйын өттү. Жыйындын бир бөлүгү соттор менен журналисттердин ортосундагы мамилеге, бул жаатта эл аралык стандарттарды жайылтуу маселесине арналды. Келген коноктордун баамында Борбор Азия өлкөлөрүндө журналисттердин укуктары анча корголгон эмес жана алар менен соттошкон дордун саны арбын. Буга негизинен мыйзамдардын чийкилиги, соттордун эл аралык стандарттар менен тааныш эместиги, көз карандылыгы жана журналисттердин профессионалдык деңгээлинин жетишсиздиги себеп болууда дешет. Ошентсе да адистердин ырастоосунда кандай болгон күндө да журналисттерди соттоо туура эмес.
Жаңылыктар Понедельник, 01 Октября, 2007 г. - 09:42
Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн натыйжасында бүгүн УТРКнын Байкоочулар Кеңешине көрсөтүлгөн 30 талапкердин ичинен төртөө шайланды. Алар: Улуттук филармониянын директору Керим Турапов, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин директору Гүлнара Ибраева, БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова жана азыр эч жерде иштебеген Мыктыбек Өмүрзаков болду. Байкоочулар Кеңешинин калган мүчөлөрү эртең экинчи турда шайланат. УТРКнын Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат. Алардын бешөөн президент, бешөөн Жогорку Кеңеш жана калганын коомдук уюмдар көрсөтөт.
Жаңылыктар Понедельник, 01 Октября, 2007 г. - 09:40
Айрым депутаттар УТРКнын Байкоочу Кеңеши президенттик администрацияга, аталган компаниянын жетекчилигине көз каранды болуп, эч кандай маселе чече албастыгын айтышууда. Журналистер кошуунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болсо Байкоочу Кеңеш УТРКнын ишмердигин көзөмөлдөп, татыктуу иш алып барат деген ишенимде. Парламент бүгүн байкооочу кеңештин курамына көрсөтүлгөн 30 талапкердин төртөөнү биринчи айлампада шайлады. Экинчи айлампага чыккан 11 талапкерлерди парламент жума күнү шайлайт.